Nokia C3 01 - Аппаратыңызды туура алып жүрүңүз

background image

Аппаратыңызды туура алып жүрүңүз
Аппаратыңызды, батареяны, заряддоо түзүлүшүн жана кошумча жабдууларды камкордук менен алып жүрүңүз.

Төмөнкү сунуштар сиздин, кепилдиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгүңүздү сактайт.

Аппаратты кургак сактаңыз. Жаан чачындар, нымдуулук жана суюктуктардын бардык түрлөрү, электрондук

тетиктерге зыян келтирүүчү минералдарды камтыйт. Эгер аппаратыңыз ным болуп калса, батареяны чыгарып,

кургатып коюңуз.

Продукт жана коопсуздук маалыматы

61

background image

Аппаратты чаңдуу же кир жерлерде колдонбоңуз же сактабаңыз. Анын жылдырма бөлүктөрү жана

электроникалык компоненттери зыянга учурайт.

Аппаратты суук же ысык жайларда сактабаңыз. Жогорку температуралар, аппараттын колдонуу убактысын

кыскартып, батареяга зыян келтирип, айрым пластик тетиктеринин бузулуп же эрүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Аппаратты суук жайларда сактабаңыз. Аспап өзүнүн кадимки температурасына келгенде, анын ичинде пайда

болгон ным, электрондук чынжырларга зыян келтириши ыктымал.

Колдонуучунун колдонмосунда көрсөтүлгөндөн башка жол менен аппаратты ачууга аракет кылбаңыз.

Укуксуз өзгөртүүлөрдү киргизүү, аппаратка зыян келтирип жана радио жабдыктардын колдонулушун жөндөөчү

эрежелерди бузушу мүмкүн.

Аспапты түшүрүп, уруп же силкилдетпеңиз. Одоно колдонуу, ички схема платаларын жана механикаларын

сындырышы мүмкүн.

Аспаптын тышын дайым жумшак, таза жана кургак чүпөрөк менен сүртүңүз.

Аппаратты боебоңуз. Боектор кыймылдоочу бөлүктөргө тоскоол болуп, туура иштөөсүнө жолтоо болуусу

ыктымал.

Аппараттын оптималдуу иштөөсү үчүн, маал маалы менен аны өчүрүп, батареясын алып, анан кайра иштетип

туруңуз.

Аппаратыңызды магнит жана магнит талаалардын жанында кармабаңыз.

Маанилүү маалыматыңызды коопсуз сактаңыз, аларды, жок дегенде, эки, түзүлүшүңүз, эс тутум картасы же

компьютериңиз сыяктуу, бөлөк жерде сактаңыз же аларды жазып туруңуз.

Узак колдонууда, аппарат жылуу сезилиши мүмкүн. Көп учурларда бул абал нормалдуу. Эгерде аппараттын туура

иштешине күмөн санасаңыз, анда аны, расмий уруксаты бар техникалык тейлоо кызматына алып барыңыз.