Nokia C3 01 - Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат

background image

Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат
Аспабыңыз, BL-5CT кайра заряддалуучу батарея менен иштетилиши керек. Nokia бул аппаратка ылайыкталган

батарейканын дагы кошумча модельдерин чыгарышы мүмкүн. Дайыма, накта Nokia батарейкасын колдонуңуз.

Бул аппарат төмөнкү заряддоо түзүлүштөрдөн зарядын толуктандырып иштетүүгө бекитилген: AC-3, AC-8, AC-10,

AC-11, AC-15 . Туура Nokia заряддагыч моделинин номери, анын штепселинин түрүнө жараша өзгөрөт жана алар

кийинки тамгалар аркылуу аныкталат: E, X, AR, U, A, C, K, же B.

Батарея жүздөгөн жолу кайра заряддалышы мүмкүн, бирок акыры анын иштөө ресурсу түгөнөт. Эгер күтүү жана

сүйлөшүү режимдеринин убактысы демейдегиден байкаларлык кыскарган учурда батареяны алмаштырыңыз.